Калипа Таштанова "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы менен сыйланды
Актриса Калипа Таштанова "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды.
Калипа Таштанова кыргыз киносуна таанымал актриса. Ал кино дүйнөсүнө журналист кесиби менен келип, бирок күтүүсүздөн актрисалык жолго түшкөн. Актриса көптөгөн кыргыз тасмаларында, мисалы "Үй сатылат", "Аяш", "Такебай", "Кумар" жана башка кинолордогу образдары менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырып келет. Кыргызстан менен Казакстан ортосунда ишке ашкан "Приговор" киносуна да тартылган.
Мындан тышкары, 2022-жылы Түркияда өткөн II Эл аралык "Коркут Ата" фестивалында "Үй сатылат" кинотасмасындагы башкы ролу үчүн "Эң мыкты актриса" сыйлыгына ээ болгон. Бул сыйлык кыргыз киносу үчүн эл аралык жетишкендик болуп эсептелет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















