super.kg logo

Жергиликтүү кеңештер үчүн республикалык окутуулар өткөрүлдү

 

Декабрь айы өлкө боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча жалпы республикалык окутуулар өткөрүлдү.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын тогуз айында өлкөнүн жергиликтүү кеңештери ЧУАнын мамреестрине 8760 ченемдик акт жөнөткөн.

Иш-чарага жергиликтүү кеңештердин төрагалары, депутаттар, жооптуу катчылар, айыл өкмөт башчылары жана мэрлер катышты. Катышуучулардын саны облустар боюнча төмөнкүдөй болгон:

  • Ош - 204

  • Жалал-Абад - 149

  • Баткен - 92

  • Ысык-Көл - 77

  • Талас - 53

  • Нарын - 77

  • Чүй жана Бишкек - 168

Окутуу программасы ченемдик укуктук актылардын түзүлүшү, токтом долбоорлорун даярдоо эрежелери, өкүлчүлүк жана аткаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ажыратуу, юридикалык техника жана документтерди ЧУАнын мамреестрине киргизүү тартиби боюнча билим берди. Практикалык бөлүк реалдуу документтерди талдоого жана типтүү каталарды карап чыгууга арналган.

Өлкө боюнча 820 адам окутулуп, бул демилге акыркы жылдардагы ченем жаратуу тармагындагы эң ири программа болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: