super.kg logo

Беш миң медкызматкерге кезексиз ипотекалык батир берилет

 

Кыргызстанда беш миң медициналык кызматкер кезексиз ипотекалык батирлерге ээ болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов өлкөнүн балдар медициналык мекемелерине болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Министрдин айтымында, бул чечим медицина кызматкерлерин колдоо жана алардын социалдык шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы кадрларды сактап калууга жана мотивациялоого багытталган.

"Бул орчундуу маселе болчу, аны президентибиз колдоп берди. Натыйжада ипотекалык турак жайлардан медицина кызматкерлерине 5 миң батир кезексиз берилмей болду. Бул - башталышы гана. Биз жаңы команда менен келдик, реформаларды баштадык. Алдыбызга көптөгөн бийик максаттарды коюп жатабыз жана сиздердин колдооңуздар менен аларга жетебиз деп ишенем",- деди саламаттык сактоо министри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: