super.kg logo

"Бейиш эненин таманында" киносунун каармандары "Эң мыкты актриса" жана "Эң мыкты актёр" наамы менен сыйланышты

 

Кечээ, 30-декабрда "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын салтанаттуу тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Сыйлоо аземинде "Бейиш эненин таманында" тасмасынын каармандары Анаркүл Назаркулова "Эң мыкты актриса" жана Эмил Эсеналиев "Эң мыкты актёр" наамы менен сыйланышты. Фильмде Эмил Эсеналиев апасын Меккеге жеткирүүгө умтулган баласынын образын, ал эми Анаркүл Назаркулова апасынын ролун жаратып, көрүүчүлөргө күчтүү таасир калтырышкан.

"Ак илбирс" сыйлыгы - Кыргызстандын улуттук кино сыйлыгы, ал 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет жана жылдын мыкты тасмаларын, актёрлорун, режиссёрлорун жана башка маданияттын мыкты кызматкерлерин сыйлоого багытталган.






"Бейиш эненин таманында" тасмасынын каармандары "Эң мыкты актриса" жана "Эң мыкты актёр" наамы менен сыйланышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: