super.kg logo

Баткенде генерал болууну кыялданган Нуртилекке Айфон белекке берилди

 

Ички иштер министри Улан Ниязбековго Баткен шаарынын тургуну, 2013-жылы туулган Нуртилек Жамалдинов кат жазган. Ал келечекте генерал болууну кыялданарын жана жаңы жылдык белек берүүсүн суранып, катына телефондун сүрөтүн тарткан.

ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев, Баткен ОИИБинин башчысы Улан Жукенов министрге кат жазган Нуртилек Жамалдинов менен жолугуп, ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан берилген Айфон 17 про үлгүсүндөгү уюлдук телефонду тапшырды. Азенбек Козукеев окуучуну жакшы окууга чакырып, телефонду мектепте эмес, үйдө колдонууну, максаттуу пайдаланууну эскертти.

Белгилей кетсек, 6-класста окуган Нуртилек 5 бир туугандын экинчиси. Кат жазуу идеясын 8-класста окуган эжеси колдоп, жазылган катты почта аркылуу Ички иштер министрлигине салып жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: