super.kg logo

Болгария 2026-жылдан тарта евро валютасын колдонуп баштайт

 

Болгария 2026-жылдын 1-январынан тартып еврозонага кошулуп, улуттук валютасы болгон болгар левинен баш тартып, еврону кабыл алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришүүдө.

Маалыматка ылайык, Болгария еврозонага кирүү үчүн коюлган бардык талаптарды аткарган 21-мамлекет болот. Натыйжада еврону колдонгон европалыктардын саны 350 миллионго жетти.

Жаңы валютаны кабыл алуу маселеси болгар коомчулугунда талаш-тартыш жаратты. Айрым жарандар лев улуттук валюта экенин белгилеп, еврону киргизүүгө каршы пикирлерин айтышууда.

Ошол эле учурда, өлкөдөгү соода түйүндөрү жаңы валютаны кабыл алууга активдүү даярдык көрүүдө. Өлкөнүн борбору Софияда дүкөндөрдө жана көчөлөрдө баалар эки валютада көрсөтүлүп, жарнама такталарында лев менен евронун курсу тууралуу маалыматтар берилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: