super.kg logo

Маркум Жибек Урустемованын кайнатасы уулу окуя болгон күнү телефон чалганын айтты

 

Бишкекте Жибек Урустемованы өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандын атасы НТС телеканалына уулу окуя болгон күнү телефон чалганын билдирди.

Анын айтмында, 23-декабрда саат 21:10дор чамасында уулу телефон чалып, жубайын өлтүрүп салганын жана өз жанын кыя турганын айткан. Ошондой эле шектүүнүн атасы уулу жасаган кылмышы үчүн жооп бериши керектигин кошумчалаган.

"Колу менен жасаганды моюну менен тартсын. 10 же 30 жыл береби же болбосо өмүр бою береби, аны сот чечет",- деди ал.

Айта кетсек, 23-декабрда саат 21:40 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталды. Шектүү дароо кармалды. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыкты.

Каргашалуу окуяга чейинки мүнөттөрдүн видеосу тарады.

Ошондой эле Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев мурунку жолдошу тарабынан ок жеп каза болгон аял кишинин өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн айрым жагдайларын айтып берди.

Маркумдун жакындары каргашалуу окуя тууралуу SUPER.KG порталына айтып беришкен.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-декабрда Бекжан жогорку бийликтеги жетекчилерге кайрылган.






Маркум Жибектин кайнатасы уулу окуя болгон күнү телефон чалганын айтты

Маркум Жибектин кайнатасы уулу жасаган кылмышы үчүн жооп бериши керектигин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: