super.kg logo

Сөгүш алганы, муш жегени... Өлкө жетекчилигинен тил уккан аткаминерлер

 

Быйыл өлкө жетекчилигинен тил уккан, сөгүш алган мамлекеттик кызматкерлер болду. Бири ишеничти актай албаса, кээ бири камалды. Кайсы бири муштум жегенин да жашырган жок. Биздин портал аларды тизмектейт.

Алгач мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун ачуусун келтирген жетекчилер тууралуу кеп кылсак, анда мурунку саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевди айтпай коюуга болбойт.

8-майда президент Республикалык диагностикалык борборго пландан тышкары текшерип барды. Ал күн мурунку министр үчүн жашоосундагы ыңгайсыз абалда калган күндөрүнүн бири болсо керек. Садыр Жапаров анын ишиндеги жоопкерчиликсиздигин кескин сынга алып, борбордогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн 2 күн убакыт берди.

"Мен сени кабинетте отурба дебедим беле. Артың орундукка жабышып калды беле?" - деп катуу тилдеген өлкө башчысы ага сөгүш жарыялоо тапшырмасын койгон.

Кийинчерээк Чечейбаев Жалал-Абад облусундагы оорукананын ачылыш аземинде жана президентке сөгүш бергени үчүн рахматын айтты. Президент андан "тигил жак бүттүбү? Сөгүш албай эле ошонун баарын жасап койбойт белең?" деп коюлган тапшырманын аткарылышын сураган эле. Ал ортодо УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "сөгүш да алып туруу керек" деп сөзгө аралашкан болчу.

6 айдан кийин Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине курган маегинде өлкө башчысынан тил уккандан кийин иш бөлмөсүнө отурбай калганын айтып берди. Деген менен Чейчейбаев 1-декабрда кызматынан алынды. Анын ордуна УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Досмамбетов келди. Досмамбетов коомчулукка июль айында Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, анда бир нече адамды карматканы менен таанылган. Эркин Чечейбаев министрлик кызматта 10 ай турду.

Президенттин жемесин Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев да укту. Садыр Жапаров 27-октябрда Кара-Көл шаарына жаңы курулган ГЭСтин ачылышына катышып, андан соң жергиликтүү элдин үнүн укту. Мамлекет башчы чечилбеген көйгөй үчүн ачууланып, Орозбаевге "бул сенин ишиң да, эмне кылып отурасың?" деген эле.

Президенттен сөгүш алгандардын катарында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев да бар. Кызыгы, 16-сентябрь күнүн сөгүш алган мэр 17си күнү эле Бишкекке келип, өлкө башчыдан унаа белекке алды. Кийинчерээк, ал мамлекет башчынын сын-пикирин туура кабыл алганын билдирди.

Садыр Жапаровдон ички иштер министри Улан Ниязбеков экөө тил угушканын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин айткан жайы да бар.

Бул жылы мамлекет башчынын ишенимин актабаган аткаминер да болду. Тагыраагы, июлдун 2синде Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган Султан Кермалиев 14үндө кызматтан алынды. Болгону 12 күн кызматта турган экс-мэр коомчулуктун эсинде жакшы эле калды окшойт.



Ал кызматка киришкенден кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги коомчулукта талкуу жаратты. Анда көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын белгилешкен. Буга удаа президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Керималиев иш билгилиги байкалганы үчүн мэрликке дайындалганын белгилеп, бирок анын этиканы сактабаганын сынга алды.

Көп өтпөй Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлгөнү да маалымдалды. Анан эле Керималиев бир аптадан соң кызматтынан кол жууду. Кийин Султан Кермалиев өлкө башчыдан анын ишеничин аткара албаганы үчүн кечирим сурады.

Быйыл УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден тил уккан аткаминерлер да көп болду.

Атайын кызматтын башчысынан июнь айында Нарын жергесинде болгон жыйында курулуш министи Нурдан Орунтаев сын укту. Анда Ташиев шаардагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирлердин курулуш иштеринин жай жүрүп жатканына нааразычылыгын билдирген.

Ал эми Ташиев 24-сентябрда бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында транспорт министри Абсаттар Сыргабаевге эскертүү берип, ага болгон ачуусун жашырган эмес.

"Сен тууралуу да маалымат бар. Түз эле айтып коёюн. Мына жасалып жаткан жумуштар боюнча подрядчылардан арыздар түшүп жатат. "Биз Транспорт министрлигинин жетекчилигине акча бергенбиз" деп жатышат.

Кудай сактасын, бул тастыктала турган болсо, түрмөгө каматам, уктуңбу? Сен мени аяп коёт деп ойлобо. Мен эч кимди аябайм, мага баары бир. Эгер мен сени түрмөгө отургузсам, анда башка жетекчилер унчукпай иштеп калышат", - деген анда атайын кызматтын башчысы.

Ал жыйында УКМК төрагасы өзүнүн биринчи орун басары, чек ара кызматынын жетекчиси Адикарим Алимбаевге да эскертүү жасаган.

Ташиевдин жемесин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен мурдагы вице-мэр Жамалбек Ырсалиев да укту. Керек болсо Ырсалиев жеринен кармалган.

Ташиевдин ачуусун келтиргендер да аз болбоптур.

Камчыбек Ташиевдин 6-сентябрда Кочкорго барганда УКМКнын аймактагы башчысына ачууланып, анын телефонун ыргытып жиберген окуя көпчүлүктүн эсинде калды.
"Менин жанымда турганда телефон чукубагыла. Силердин ишти мен жасашым керекпи? Курулуш иштери тезирээк башталышы керек. Жакшыраак подрядчы тапкыла. Анан "подрядчы келбей койду, кылбай койду, качып кетти" десеңер башың кетет", - деп ачууланган УКМК башчысы.
Атайын кызматтын башчысы 31-августта Сузак районуна барганда Манас шаарынын мэри (ошол учурда Жалал-Абад шаары) Эрнисбек Ормоков менен шаардык кеңештин төрагасын сабаганын айтты. Көп өтпөй Ормоков калаа кеңешинин төрагасы экөө Ташиевден токмок жешкенин ырастаган.

"Ал киши урушабы, урабы, биз жүргүзүп жаткан саясатын колдойбуз. Биз туура кабыл алып эле иштеп жатабыз го. Экөөбүздү тең урду", - деген ал.

Ташиев 1-сентябрда Жалал-Абаддагы Багыш айыл өкмөтүндөгү сейил бакка барып, анын абалын көрүп кейигени жайы бар. УКМК жетекчиси айыл өкмөт башчысына парктагы селкинчектин бир жагын ага кучактатып, термелүүнү буйруду.

Тапшырмасы орундалган соң ал: "Мына, көрдүңөрбү, айыл өкмөт селкинчек тээп жатат? Эми кийинкиде экөөбүз отуруп алып тепкидей болсун. Макулбу?" - деп тамаша менен түшүндүрдү.

Ташиев Ысык-Көлдөгү жыйынында Чоң-Сары-Ой айыл өкмөт башчысын катуу зекисе, Токмок шаарында өткөргөн жыйынында калаа мэри Максат Нусубалиевди карматты.

Атайын кызматтын башчысы жакында "Регион" телеканалына курган маегинде эл арасында аты-жөнүн укканда коркуп калышты деген кептерге жооп берди.

"Ташиев келсе эле коркуп кетишет, чуркап, иштеп калышат" дешет. Бул менин аты-жөнүмдүн эмес, бул мыйзамдын фамилиясы. Мыйзамдын иштей баштаганынын көрүнүшү. Ошол эле мыйзамды бузгандар, мыйзамдын иштей баштаганын тааный башташты. Демек, коомубузда тартип орной баштады", - деди Ташиев.









кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: