Таш-Көмүрдө 16 жаштагы төрт тоголок жетим бала турак жайлуу болду
Таш-Көмүр шаарында 16 жаштагы тоголок жетим төрт бала турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык прокуратура тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 16 жаштагы төрт жетим бала мыйзамда белгиленген тартипте турак жай менен камсыздалбаганы аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында балдарга батирлер берилип, аларга тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















