super.kg logo

Акыйкатчы Чүйдөгү аялдар абагында мониторинг жүргүздү

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун Степное айылында жайгашкан аялдар абагына барып, соттолгон аялдардын укуктарынын сакталышына жана кармоо шарттарына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, абакта тигүү цехи жана наабайкана иштеп, анда аялдар эмгектенишет. Ошондой эле соттолгондор ашканага, чач тарачка жана дүкөнгө ишке тартылган. Абактагылар иштөө шарттарына нааразычылык билдиришкен эмес жана жакында эле эмгек акылары көтөрүлгөнүн айтышкан.

Мекеменин аймагында балдар үйү да бар. Учурда ал жерде 5 эне 3 жашка чейинки балдары менен чогуу жашайт. Эң кичүүсү эки жумалык ымыркай. Энелер бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздалып жатканын билдиришти.

Мониторингдин алкагында Жамиля Жаманбаева кыркка жакын аял менен маектешип, укуктук кеңештерди берип, кайрылууларды кабыл алды. Кайрылгандардын көпчүлүгү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Айрымдары пробация жана мунапыс алууда кыйынчылыктар жаралып жатканын, соттордун негизсиз чечимдерине нааразы экенин билдиришкен.

Ошондой эле айрым аялдар тергөө абагында кармоо мөөнөтү туура эмес эсептелип калганын (абакта бир күн эки күнгө эсептелиши керектигин) белгилешкен. Сот чечимдерине макул эместигин билдиргендер акыйкатчыдан юридикалык жардам жана мамлекеттик акысыз жактоочу алууга көмөк сурап кайрылышты.

Мындан тышкары эки аял советтик үлгүдөгү паспортторун жаңыртып берүүнү өтүнсө, айрым соттолгондор дары-дармектердин жетишсиздигине даттанышкан.

Учурда аталган мекемеде Казакстан, Индия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн 18 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Алар өз өлкөлөрүнө экстрадициялоо маселеси боюнча кайрылышкан.

Акыйкатчыга түшкөн бардык кайрылуулар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, кароонун жыйынтыгы менен сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, мекемеде жалпы 292 аял кармалууда. Алардын курагы 17 жаштан 78 жашка чейин. Анын ичинен 248и — жалпы режимде, 22си — катуу шарттарда, 34ү — катуу режимде жаза өтөп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: