Өлкөдө илимге багытталган каржылоо көбөйтүлөт
Министрлер кабинетинин төрагасына караштуу Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны өтүп, анда илимий чөйрөнүн учурдагы абалы, негизги көйгөйлөрү жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев илим менен инновацияны өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн, технологиялык суверенитеттин жана улуттук коопсуздуктун негизги фактору катары белгиледи. Жыйын учурунда Улуттук илимдер академиясынын укуктук базасын өркүндөтүү жана геология илимин колдоо маселелерине өзгөчө басым жасалды.
Кеңеш илимди жана геологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, төмөнкүдөй сунуштарды киргизди:
- Илимий иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн системалуу чараларды кабыл алуу;
- Мамлекеттик сатып алуулардын механизмдерин жакшыртуу;
- Илимий чөйрөгө каржылоону этап-этабы менен көбөйтүү;
- Геология илимин модернизациялоо жана илимий мекемелердин потенциалын чыңдоо.
Бул чечимдер өлкөнүн илимий-техникалык өнүгүүсүнө жаңы дем берүүгө багытталган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















