super.kg logo

Эл аралык уюмдардын жетекчилери президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттукташты

 

Бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери президент Садыр Жапаровду жана өлкө элин Жаңы жыл майрамы менен куттукташты. Куттуктоолордо тынчтык, өнүгүү, жетишкендиктер жана эл аралык кызматташууну бекемдөө боюнча жылуу каалоо-тилектер айтылган.

Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта өзүнүн куттуктоо телеграммасында президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине тынчтыкка, бейпилдикке жана кубанычка толгон майрам күндөрүн каалап, жаңы жыл жаңыланган үмүттү, кубанычты жана маанилүү жетишкендиктерди алып келишин тилек кылган.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов куттуктоосунда Кыргызстандын жетекчилигинин ЖККУнун ишмердүүлүгүнө көрсөткөн туруктуу колдоосу уюмдун жоопкерчилик зонасында туруктуулукту чыңдоого багытталган амбициялуу пландарды жаңы жылда ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн белгилеген.

Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым өз телеграммасында уюмдун алкагында калыптанган тилектештик жана кеңешүү маданияты түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегине болгон ишенимди бекемдегенин белгилеп, орток тарых жана терең баалуулуктар бардык тармактардагы кызматташууну мындан ары да чечкиндүү улантууга негиз болоруна ишенимин билдирген. Ал ошондой эле президентке чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалаган.

Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы, элчи Рамиль Гасан да президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктап, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз Республикасы бардык багытта динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеген. Ал 2026-жыл Кыргызстан үчүн тынчтыктын, бакубатчылыктын, жаратман ийгиликтердин жана гүлдөп-өнүгүүнүн жылы болушун каалаган.

Мындан тышкары Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино да президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине бакыт-таалай, чың ден соолук жана гүлдөгөн жаңы жыл каалоо-тилектерин жолдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: