Эми бул Венеция... Бишкектин борбору жамгырдан кийин сууга толду
Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде, учурда жол оңдоо иштери жүрүп жаткан аймакта, нөшөрлөгөн жамгырдан кийин ири көлчүктөр пайда болду. Андагы видеолор интернет желесине тарады.
Маалыматка ылайык, 31-декабрдын кечинде борбор калаада жааган жамгырдын көлөмү бул мезгил үчүн белгиленген климаттык нормадан ашкан.
Күбөлөрдүн айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу бул участокто арыктар жана башка дренаждык системалар жок болгондуктан, суу түз эле жолдун кесилишине топтолуп калган. Натыйжада жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдон өтүү кыйла кыйынчылык жаратып, айрым жерлер дээрлик өтүүгө мүмкүн болбой калган.
Социалдык тармактарда колдонуучулар бул көрүнүштү тамаша иретинде Венецияга салыштырып жатышат.
Бишкектин борбору жамгырдан кийин сууга толду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















