super.kg logo

Жаңы үмүттөрдүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты... Жаңы жылыңыздар менен!

 

Кадырлуу замандаш! Убакыт агымы тыным албай, ай артынан ай өтүп, дагы бир жылды сиздер менен чогуу узатып отурабыз. Өткөн жыл ар бирибиздин жүрөгүбүздө ар кандай из калтырды — үмүт, сабак, чыдамкайлык жана ишеним.

Кирип келген Жылкы жылы аргымактын арышындай тездик, күч-кубат жана өжөрлүк менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачсын. Ар бир таң жаңы үмүт менен атып, ар бир күн ийгиликке карай кадам болсун. Элибизде тынчтык өкүм сүрүп, жергебизде бейпилдик, ынтымак жана өнүгүү тамыр жая берсин.

Эң башкысы ден соолук башыңызда таажы болуп, үй-бүлөңүздө жылуулук, ырыскы жана береке арбысын. Иштериңизде туруктуулук, тилектерде аткарылуу, жүрөктө ишеним эч качан өчпөсүн.

Заман менен бирге кадам таштап, ар дайым биз менен бирге болуңуз.

Жаңы жылыңыздар менен! Жаңы жыл ар бириңиздерге жакшылыктын жарчысы болсун!

SUPER.KG медиа порталынын эмгек жамааты






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: