Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы 2026-жылы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосунун тексти:
“Ардактуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Мына, дагы бир жылды артка таштап, дагы бир чейрек кылымдын эшигин жаап, жаңы 2026-жылдын босогосун аттаганы турабыз.
Узап бараткан 2025-жыл, эң оболу, эгемен Кыргызстандын бүтүндүгүн шарттаган чек араларыбыздын биротоло такталып, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганы менен эсте калды.
Чек аранын толугу менен чечилиши — мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгынын бекем кепилдиги жана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнүн эң башкы фактору!
Кеменгер элибиздин “жакшылыктар жанашып, ооматтар оошуп келет” деген сөзүндө калет жок.
Мурда өлкөбүзгө инвестор келсе экен деп самап келсек, бүгүн кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин тандаган деңгээлге жеттик.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата-1 ГЭСи, “Ала-Тоо резорт” туристтик комплекси сыяктуу ири долбоорлорго дүйнөлүк ири инвесторлордун кызыгуусу – мунун айкын далили.
Өтүп бараткан жылда Кыргызстандын эл аралык аброю андан ары жогорулады.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны сыяктуу маанилүү эл аралык иш-чараларды бийик деңгээлде өткөрүп, мурда дипломатиялык алака-катышыбыз жок бир катар мамлекеттер менен кызматташтыкты жолго койдук.
Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун тынч, ачык жана адилет өтүшү — өлкөдө туруктуулук толук орногонун көрсөткөн олуттуу саясий жетишкендик болду.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Биз быйыл “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын” кабыл алдык жана аны толугу менен аткарабыз.
Ардактуу замандаштар!
Жаңы жылдын босогосунда туруп ынтымакта жашаган көп этностуу жаратман элибиз Айкөл Манас атанын жолун улап, кылымдап тутунуп келген уңгужолубузга түштүк деп кубануу менен айта алам.
Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда, албетте, даанышман элибизге, сабырдуу журтубузга, билимдүү, дымактуу жаштарыбызга таянабыз.
Аксакалдарыбыз баркын сактап, нарк айткан, жаштарыбыз көкүрөгүнө Мекен, ыйман, ызаат деген ыйык түшүнүктөрдү уютуп, тынымсыз мээнет кылып турсак эле баары жакшы болот.
Эң башкысы, бир түндүктүн астындагы биримдигибизди, ырыс-кешик уялаган ынтымагыбызды барктай билели.
Урматтуу мекендештер, кирип келген жаңы жылыбыз баарыбызга кут болсун!
Ар бир үйдө токчулуктун, молчулуктун, барчылыктын, үй-бүлөлүк бак-таалайдын шамы жансын!
Жаңы жылда дүйнөлүк жаңы бийиктиктерге жетели!
Жаңы жылыңыздар менен!”
0

Супер-Инфо
super.kg видео















