ИИМ: Жаңы жыл түнү тынч өттү
Кыргызстанда Жаңы жыл түнү тынч жана коопсуз шартта өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-январына караган түнү өлкө аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталган жок.
Майрамдык иш-чаралар учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Калк көп чогулган жерлерде жана майрамдык иш-чара өткөрүлгөн аймактарда туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, ыкчам топтор жана патрулдар кызмат өтөштү.
29-декабрдан тарта милициянын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте ишке киришкен. Жалпысынан коомдук тартипти сактоого 12 миңден ашык кызматкер тартылган.
ИИМ коомчулукка коопсуз майрам тартуулоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















