super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте “Санжыра” аттуу жаңы гүл бакча ачылды

 

31-декабрда Бишкек шаарында жаңы “Санжыра” гүл бакчанын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы гүл бакча президенттин колдоосу менен шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап стандартта курулуп, жалпы аянты 2 гектарды түзөт. Аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, жашоочулардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Гүл бакчанын ичинде:
- Балдар үчүн оюн аянтчалары;
- Кичи футбол талаасы;
- Сейилдөө жана эс алуу үчүн аянтчалар жайгашкан.

Мэрия билдиргендей, 2024-жылдын жаз айларында гүл бакчанын аймагына кошумча жашыл көчөттөр отургузулат.

Бул демилге борбор калаада жашыл зоналарды көбөйтүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар тургундарынын сергек жашоосуна шарт түзүү максатын көздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: