Кытай асманында технология керемети: 16 миң дрон менен дүйнөлүк рекорд (видео)

Кытайда болуп өткөн өзгөчө жарык-шоусу дүйнө жүзүн таң калтырды. Иш-чаранын жүрүшүндө асманга бир убакта дээрлик 16 миң дрон көтөрүлүп, бул көрсөткүч дүйнөлүк рекорд катары катталды.
Мындай масштабдагы шоу өтө татаал техникалык даярдыкты талап кылат. Ар бир дрондун кыймылы секунданын тактыгында жана миллиметрине чейин эсептелип, бардык процесс бир гана компьютерден башкарылган. Натыйжада асманда түрдүү көркөм сүрөттөр, символдор жана динамикалуу формалар жаралып, алар атайын музыка менен коштолду.
Уюштуруучулардын айтымында, бул рекорд көпкө сакталбайт. Кийинки дрон фестивалында асманга 20 миңден ашык дрон учуруу пландалууда.
Кытай асманында технология керемети: 16 миң дрон менен дүйнөлүк рекорд
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















