Жаңы жылдын алгачкы сааттарында Бишкекте өрт чыкты
Жаңы жылдын алгачкы күнүндө Бишкек шаарында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан автотетиктер сатылган кампадан өрт чыккан.
Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 05:05те кырсык болгон жерде өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп жана штаб иш алып барган.
Өрт саат 07:13тө толугу менен өчүрүлүп, тилсиз жоо болжол менен 350 чарчы метр аянтты камтыган. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.
Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Тилсиз жоо болжол менен 350 чарчы метр аянтты камтыган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















