super.kg logo

Бишкекте заманбап аялдамалар менен өтмөктөрдүн курулушуна старт берилди

 

Бүгүн, 1-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектинде жер алдындагы жөө өтмөктөрдү жана заманбап аялдама комплекстерин куруу иштерине старт берди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, долбоор боюнча Семетей көчөсүнөн Масалиев проспектине чейин 4 өтмөк курулат, Айтматов проспектиндеги бир өтмөк буга чейин пайдаланууга берилген. Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин 16 жаңы аялдама орнотулат.

Курулуштун жүрүшүндө Масалиев проспекти менен Семетей көчөсүнүн аралыгы убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылды. Шаар бийлиги иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыздоого жана мөөнөтүндө бүтүрүүгө тапшырма берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: