Камчыбек Ташиев Сузактагы "Бек-Абад" чек ара өткөрмө пунктуна күтүүсүз барды

Бүгүн, 1-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы "Бек-Абад" чек ара өткөрмө пунктуна күтүүсүз иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Ташиев өткөрмө пунктунун аймагын иретке келтирүү, оңдоп-түзөө жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, чек арадан өтүү учурунда жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, узун кезектерге жол бербөө жана кызматкерлердин ыкчам жана так иштөөсүн камсыз кылууну баса белгиледи.
Иш сапардын алкагында ал чек арада нөөмөттө турган аскер кызматкерлери менен жолугуп, алардын кызмат өтөө шарттары жана чек араны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышты. Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















