Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна 34 кызматтык унаа тапшырды
Бүгүн, 1-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлерине 34 кызматтык унаа тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Иш-чара учурунда Ташиев дарыгерлердин эне-бала саламаттыгын коргоодогу өзгөчө ролун баса белгилеп, алардын талыкпай аткарган эмгеги ар дайым урматтоого арзый турганын айтты. Ал унаалар медицина кызматкерлерине бейтаптарга ыкчам жетүүгө жана алардын өмүрүн сактоого кызмат кыларын белгиледи.
Мындан тышкары, ал 2024-жылдын 1-апрелинен тартып медицина кызматкерлеринин айлык акылары 100 пайызга жогорулай турганын, бул мамлекеттин колдоосу экенин эске салды. Ошондой эле дарыгерлерди бейтаптардан мыйзамсыз акча талап кылбоого жана кесиптик этиканы сактоого чакырды.
Жаңы жылдын алгачкы күнүндө аталган борбордо 20 наристе жарык дүйнөгө келди. Туулгандардын 12си кыз, 8и уул. Таасирдүү учур катары, түнкү саат 00:00дө борбордун акушер-дарыгери өзү көз жарганы белгиленди.
Кошумчалай кетсек, ушул эле сапардын алкагында Камчыбек Ташиев аалым Чубак ажы атындагы ислам институтуна да бир унаа тапшырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















