super.kg logo

"Ош-Сити” долбоору: IT-шаарчадагы курулуш иштери активдүү фазада

 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош облусуна болгон иш сапарында “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан IT-шаарчанын жүрүшү менен таанышты.

Министр курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү талап кылып, ар бир этап катуу көзөмөлдө болорун белгиледи. Учурда объекттин бардык 3 фазасында иш кызуу жүрүп, биринчи баскычындагы 22 блокту 2026-жылдын жай айларында пайдаланууга берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын февралында президент Садыр Жапаров долбоордун расмий башталышын жарыялап, мезгил кутусун капсула түрүндө салган.

“Ош-Сити” — IT-шаарча концепциясына негизделген, жалпы аянты 1 миллион чарчы метрди түзгөн ири комплекс. Ал 10 миңден ашык батирди, заманбап мектептерди, бала бакчаларды, көп тармактуу медициналык мекемелерди, спорт залдарды, жашыл зоналарды, веложолдорду, жогорку ылдамдыктагы интернет жана энергия үнөмдөөчү системдерди камтыйт.

Бул — аймакта жашоо сапатын көтөрүүгө багытталган инновациялык долбоор болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: