super.kg logo

Си Цзиньпин Тайван менен Кытайды бириктирүүнү убада кылды

 

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жаңы жылдык кайрылуусунда Тайван менен материктик Кытайдын биригүү тенденциясын тарыхый жана акыры боло турган нерсе деп атады.

Кытай басылмалары жазгандай, Си Цзиньпин "Бир өлкө – эки система" саясатын карманып, Гонконг менен Макаонун өнүгүүсүн колдоону улантарын белгилеген.

Ал эми Кытай коргоо министрлиги Тайван менен мүмкүн болушунча тынчтык жолу менен биригүүнү каалай турганын, бирок зарыл болсо катуу чараларды колдонууга даяр экенин эскерткен.

Пекин Тайвандын өз алдынчалуулугун тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп, дүйнөнү "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактаган болуп, арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: