Эммануэль Макрон: “2027-жылга чейин иштейм, кайра шайлоого катышпайм”
Франциянын президенти Эммануэль Макрон 2027-жылга чейин өлкө башчылык кызматын толук мөөнөтүндө аткарууга ниеттенгенин билдирди. Бул тууралуу ал жаңы жылдык куттуктоо кайрылуусунда айтты. Кайрылуунун түз эфирдеги көрсөтүүсү X (мурдагы Twitter) социалдык тармагындагы расмий баракчасында орун алды.
"Мен жарандар мага ишенип берген мандатка татыктуу болууга күн сайын аракет кылып, акыркы секундуна чейин иштейм",- деди Макрон.
Ошол эле учурда ал 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышпай турганын дагы бир жолу тастыктады. "Бул мен катышпай турган акыркы он жылдагы алгачкы президенттик шайлоо болот",- деди Франциянын президенти жана шайлоо өнөктүгү чет өлкөлүк кийлигишүүсүз, тынч өтүшү үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын кошумчалады.
2026-жылдын башындагы негизги приоритеттер тууралуу сөз кылып жатып, Макрон жаңы жылдын биринчи жумасында эле өкмөт менен парламент бюджет маселеси боюнча макулдашууга жетиши керек экенин баса белгиледи.
Эммануэль Макрон Францияны 2017-жылдан бери жетектеп келет. Франциянын Конституциясына ылайык, президент катары үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин коё албайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















