Транспорт министрлиги: 2-январга карата негизги ашууларда жол ачык
Бүгүн, 2-январга карата республиканын бардык негизги ашууларында жол кыймылына чектөөлөр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү унаа жолдорундагы ашууларда аба ырайы ачык жана каттам үзгүлтүксүз:
Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу;
Барскоон – Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу;
Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу;
Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары;
Боом капчыгайы;
Суусамыр – Талас – Тараз жолундагы Өтмөк ашуусу.
Жол тейлөө кызматкерлери бардык унаа жолдордо жана ашууларда коопсуздукту камсыздоо иштерин күн сайын жүргүзүп жатышат.
Министрлик айдоочуларга кышкы шарттарды эске алып, унааларын ылайыктап даярдоону, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды өздөрү менен ала жүрүүнү жана жол эрежелерин так сактоону эскертет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















