"Бейиш 2: Апама кат" тасмасынын тизери чыкты (видео)
"Бейиш — эненин таманында" тасмасынын уландысы болгон "Бейиш 2: Апама кат" аттуу көркөм фильмдин экинчи расмий тизери жарык көрдү. Тасманын режиссёру — белгилүү кинорежиссёр Руслан Акун.
Долбоордун өзгөчө жаңылыктарынын бири — орусиялык стендап-комик Алексей Щербаковдун тасмага катышуусу болду. Бул фильм анын толук метраждуу кинодогу алгачкы дебюту болуп саналат. Анын тизерде пайда болушу көрүүчүлөрдү ал үчүн жаңы болгон экрандык образ менен алгач ирет тааныштырып, тасманын актёрдук курамын эл аралык деңгээлде кеңейтет.
"Бейиш 2: Апама кат" фильми биринчи бөлүктөгү драмалык окуяны улантып, энелик сүйүү, руханий баалуулуктар, чоңдордун жоопкерчилиги жана ыраазычылык темаларын козгойт. Долбоор режиссёр Руслан Акундун жетекчилиги астында ишке ашырылууда. Анын эмгектери буга чейин эл аралык кинофестивалдарда жогору бааланып, Кыргыз киносунда маанилүү орунду ээлеп келген.
Тасманын премьерасы 29-январда өлкөнүн бардык кинотеатрларында өтөт. Картинаны Egemen жана AZO Originals студиялары чыгарууда. Улуттук прокаттан кийин фильмдин эл аралык көрсөтүүлөрү да пландалган.
“Бейиш 2: Апама кат” тасмасынын тизери
0

Супер-Инфо
super.kg видео















