BTS март айында жаңы альбом чыгарып, дүйнөлүк турга чыгат

Түштүк кореялык белгилүү K-pop тобу BTS 2026-жылдын 20-мартында жаңы альбомун чыгарат. Андан кийин топ дүйнөлүк гастролдук турга аттанат. Бул тууралуу 1-январда музыканттардын агенттиги билдиргенин The Straits Times басылмасы жазды.
Үч жылдан кийинки биринчи альбом
Жаңы альбом BTS тобунун жети мүчөсү үчүн үч жылдан ашык убакыттан кийинки биринчи музыкалык релиз болот. Буга чейин топ Түштүк Кореядагы милдеттүү аскердик кызматты өтөө себептүү чыгармачылык ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.
Учурда топтун бардык мүчөлөрү аскердик кызматын аякташкан. Акыркы болуп чакырылган Шуга да кызматын жыйынтыктоо алдында.
Кайтуу датасы фанаттарга жашыруун билдирилген
Артисттер кайтып келүү датасын буга чейин эле күйөрмандарына — ARMY фан-клубуна жашыруун түрдө билдиришкен. Фанаттарга почта аркылуу жөнөтүлгөн каттардын текстинде “2026.03.20” деген дата камтылган.
Жаңы жылды фанаттар менен чогуу тосушту
BTS мүчөлөрү Жаңы жылды күйөрмандары менен бирге HYBE Weverse глобалдык фан-платформасында түз эфирде тосушту.
Аскер кызматынан кайткандар
2025-жылдын июнь айында алгачкылардан болуп армиядан Ким Намжун (RM) жана Ким Тэхён (V) кайтып келишкен.
BTS тууралуу
BTS тобу 2013-жылы BigHit Music лейблинин алдында дебют жасаган. Учурда бул лейбл HYBE медиахолдингинин курамына кирет. 2026-жылдын 13-июнунда топ дебютунун 12 жылдыгын белгилейт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















