super.kg logo

Дүйнөдөгү эң оор салмактагы адам Хуан Педро Франко 41 жашында көз жумду

 

Мексикада 41 жаш курагында дүйнөдөгү эң семиз адам катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген Хуан Педро Франко каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, анын өлүмүнө бөйрөк инфекциясынан улам келип чыккан системдик оорулар себеп болгон. Дарыгерлердин билдиришинче, акыркы күндөрү Франконун абалы кескин начарлап, көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Хуан Педро Франконун салмагы 2017-жылы 595 килограммга жетип, дал ошол жылы ал дүйнөдөгү эң оор адам катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген. Андан кийин ага катуу диета дайындалып, эки ирет операция жасалган. Дарылоонун жыйынтыгында анын салмагы дээрлик 49 пайызга кыскарган.

Ошондой эле 2020-жылы Франко коронавирус илдетин да башынан өткөргөнү белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: