super.kg logo

Бишкекте такси айдоочуларынан 1-февралга чейин лицензия алуу талап кылынат

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматы такси айдоочуларына кайрылып, 2026-жылдын 1-февралына чейин ишмердүүлүк үчүн лицензия алууга керектүү бардык документтерди топтоп, тиешелүү процедурадан өтүүнү катуу эскертти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 1-февралдан баштап Бишкек шаарында лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочуларды аныктоо боюнча атайын рейддер башталат. Эреже бузгандарга учурдагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

"Такси айдоочусу алдын ала лицензиялык талаптарды аткарып, ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жолго салышы керек. Мыйзам талаптарын сактоо — жүргүнчүлөрдүн коопсуздугунун жана жолдогу тартиптин кепилдиги",- деп белгилешти мекемеден.

Эске салсак, буга чейин такси айдоочуларын милдеттүү түрдө лицензиялоо талабы 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 1-февралына жылдырылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: