super.kg logo

ЖКККББ эскертет: Чет өлкөдөн келген унаалар 10 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чет өлкөдөн каттоодон чыгарылып келген унааларды Кыргызстандын аймагына киргенден тартып 10 күндүн ичинде каттоого коюу керектигин эскертти.

Эгер көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кетсе, унаа айып короо жайына киргизилет жана айдоочуга тиешелүү айып пул салынат.

Ошондой эле мекеме тышкы өлкөлөрдөн караңгылатылган терезелери менен келген унаалар боюнча да эскертүү берди:

“Эгер унаанын терезелери тийиштүү уруксатсыз караңгылатылган болсо, аларды колдонууга тыюу салынат. Айдоочу уруксат кагазын алышы же терезени ачык абалга келтириши керек. Болбосо 20 миң сомго чейин айып пул каралган”,- деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ жарандарды мыйзам талаптарын өз убагында аткарууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: