Бишкекте 16 жаштагы кыз дайынсыз болууда: Милиция коомчулуктан жардам сурайт
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Т.З. аттуу жаран кайрылып, 2009-жылы туулган кызы Мирланова Адинай Мирлановна дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Маалыматка ылайык, Адинай 2025-жылдын 28-декабрында саат 10:00 чамасында Бишкек шаарындагы Ажыбек баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
Бул факт Ленин РИИБинин автоматташтырылган маалымат базасына катталган.
Изделип жаткан кыздын өзгөчөлүктөрү:
Бою: болжол менен 170 сантиметр;
Дене түзүлүшү: орто;
Териси: ачык өңдүү;
Кийими: кара түстөгү куртка, шым жана бут кийим.
Милиция жарандарды бул окуяга кайдыгер карабоого чакырып, Адинай тууралуу кандай гана маалымат болбосун төмөнкү байланыш номерлерине билдирүүнү суранат:
0312 35 29 47,
0700 56 71 53,
0705 30 77 03,
0224 21 43 46.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















