Бишкекте коомдук тартипти бузган кыздар кармалышты
Бүгүн, 3-январда Бишкек милициясы калаадагы көңүл ачуучу жайлардын биринде мушташка шектүү кыздар кармалганын билдирди.
Ага ылайык, милицияга 2-январда саат 03:00дө Жумабек көчөсүндө жайгашкан көңүл ачуучу жайлардын биринде бир нече кыздын ортосунда мушташ чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факт Свердлов РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталган.
Анын жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде 24 жаштагы К.М., 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы М.М. жана 21 жаштагы Б.Р. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары жаран А.Н.га мүлктүк зыян келтирүү боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Бишкекте кыздар мушташты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















