Чүйдө жаранды сабап кеткен шектүүлөр кармалышты
Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүү фактысына шектүүлөр кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул боюнча облустук милиция маалымдады.Анда айтылгандай, 2025-жылдын 31-декабрында милицияга Чүй облустук ооруканасына Дмитриевка айылынын 21 жаштагы тургуну У.И. ар кандай дене жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал белгисиз адамдар тарабынан сабалганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Р. жана 2005-жылы туулган А.У. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар да аныкталып, учурда аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















