super.kg logo

Аны башкаруу же тез токтотуу кыйын. ИИМ баллон менен муз тебүүнүн кооптуулугун эскертет

 
Баллон (тюбинг) менен муз тебүү ылдамдыгы жогору болгондуктан, аны башкаруу же тез токтотуу кыйын. Ошондой эле тоскоолдуктарга же башка адамдарга урунуунун коркунучу жогору. Бул тууралуу ИИМ эскертет.
Билдирүүгө караганда, көп учурда мындай жагдай кулап кетүү жана оор жаракаттар менен аякташы ыктымал. Каргашалуу окуялардын алдын алуу үчүн тюбингди атайын жабдылган, коопсуз жайларда гана жана белгиленген эрежелерди так сактоо менен колдонуу керек.
Коопсуз тюбинг тебүү эрежелери:
  • Атайын бөлүнгөн жана жабдылган жолдорду гана колдонуңуз;
  • Эгер тюбинг бир адамга ылайыкталган болсо, анда бир гана адам отуруусу керек;
  • Отуруп, алдыга карап, кармагычтарын бекем кармап түшүңүз;
  • Түшүүдөн мурда жолдун бош экенин текшериңиз;
  • Тюбингди автоунаага же квадроциклге байлап, жүрүү каражаты катары колдонууга тыюу салынат;
  • Эгер кулап кетсеңиз, капталдап жыгылууга аракет кылыңыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: