Мексикада жер титирөө катталып, президенттин маалымат жыйыны үзгүлтүккө учурады
Мексиканын түштүгүндөгү Герреро штатында очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңизи сейсмология борборуна таянып дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 2-январда катталган жер силкинүүнүн очогу Герреро штатынын Сан-Маркос шаарынан 15 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө учурунда Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаум маалымат жыйынын үзгүлтүккө учуратууга аргасыз болгон. Бирок бир топ убакыттан кийин президенттин журналисттер менен жолугушуусу кайра уланган.
Шейнбаум күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун тастыктаган.
DW басылмасы жер титирөөдө кеминде эки адам каза болгонун жазды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















