Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдөн чыгарылгандыгы айтылууда
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Президент Николас Мадуро жубайы менен бирге кармалып, өлкөдөн чыгарылды. Бул операция АКШнын укук коргоо органдарынын катышуусунда ишке ашырылды. Толук маалымат кийинчерээк берилет", - деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.
Учурда бул маалыматка карата Венесуэланын расмий бийлиги тарабынан комментарий бериле элек. Жагдайдын чоо-жайы такталып жатат.
Белгилесек, Венесуэланын борбору Каракас шаарында жардыруулар болуп жатканы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















