Кытайда жер төлөсүнөн тонналаган алтын табылган экс-мэр өлүм жазасына тартылды
Кытайда коррупция, мамлекеттик каражаттарды ысырап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча Гуанчжоу шаарынын мурдагы мэри Чжан Ци өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу кытай басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө 2019-жылдын күз айларында Чжан Цинин үйүнүн жер төлөсүнөн 13,5 тонна алтын куймасы, ошондой эле 286 миллиард юанга бааланган 23 тонна накталай акча табылганы аныкталган. Мындан тышкары анын Кытай ичинде жана чет өлкөлөрдө жайгашкан кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү, ошондой эле люкс унааларга толгон гаражы болгон.
Алты жылга созулган тергөө иши экс-мэрдин жер тилкелерине байланыштуу келишимдерди түзүү жана ири соода-сатык иштерин жүргүзүү үчүн ири өлчөмдө пара алып турганын тастыктаган.
Кытай бийлиги бул ишти өлкөдөгү эң ири коррупциялык кылмыштардын бири катары баалоодо.
Экс-мэрдин үйүнүн жер төлөсүнөн 13,5 тонна алтын куймасы табылган
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















