Трамп Мадурону Венесуэланын президенти эмес деп жарыялады
АКШнын президенти Дональд Трамп Николас Мадуро Венесуэланын президенти эмес экенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Трамптын айтымында, өлкөдө коопсуз жана мыйзамдуу өткөөл мезгил түзүлгөнгө чейин аталган өлкөнү башкаруу убактылуу АКШнын көзөмөлүнө алынат.
Буга чейин АКШ атайын операция жүргүзүп, Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорести кармап, Венесуэладан алып чыкканын билдирген. Аларга "наркотерроризм", мыйзамсыз курал сактоо жана баңгизаттарды аткезчилик менен ташуу боюнча айып тагылды.
АКШнын башкы прокурору Памела Бонди Мадуро жубайы менен кошо АКШ аймагында америкалык сот алдында жооп берерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















