Жертөлөдө жашаган спортчуга жардам көрсөтүлдү (видео)
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жертөлөдө жашаган жөө күлүк Кубанычбек Талдыбековго жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Белгилей кетсек, буга чейин анын жертөлөдөгү жашоосу тууралуу видео социалдык тармактарда тараган.
Талдыбековдун айтымында, ал балдар үйүндө чоңойгон. Өлкө ичинде жана эл аралык марафондорго катышып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Ал жертөлөдө 2 жылдан бери күн кечирип келерин кошумчалаган.
"Облус башчысы Бакытбек Жетигенов Бостери айылында жашаган Кубанычбек менен жеринен жолугуп, анын жашоо шарты менен таанышып чыкты. Анын жүрүшүндө Кубанычбектин турак жайга муктаж экени, учурда жертөлөдө жашап келе жатканы аныкталды. Анын социалдык абалы оор экендиги эске алынып, мамлекеттик деңгээлде комплекстүү колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды.
Жер төлөөдө жашаган спортчуга жардам берилди
Жертөлөдө жашаган спортчуга жардам берилди
Жөө күлүк Кубанычбек Талдыбековго жардам көрсөтүлдү
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















