super.kg logo

Венесуэлада убактылуу президент дайындалды

 

Венесуэланын Жогорку соту вице-президент Делси Родригести өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим чет элдик аскердик агрессиядан улам жаралган өзгөчө кырдаалга байланыштуу кабыл алынган. Делси Родригестин убактылуу президент болуп дайындалышы мамлекеттик институттардын туруктуулугун камсыздап, тышкы күчтөрдүн дестабилизация аракеттерине каршы Венесуэланын эгемендигин бекемдейт деп белгиленет.

Эске салсак, Венесуэланын президенти Николас Мадуро 3-январга караган түнү АКШ армиясы тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалган. Операцияга "Дельта" атайын бөлүгү катышкан.

АКШ бийлиги Николас Мадурону "наркотерроризм" жана баңгизаттарды аткезчилик жол менен ташууга байланыштуу айыптоолор менен күнөөлөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: