super.kg logo

150 учак, атышуу жана Мадуронун кармалышы. Венесуэладагы учурдагы кырдаал

 

Жыл жаңырары менен АКШнын атайын операциясы учурунда Венесуэла президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорестин кармалганы дүйнөлүк маалымат каражаттарынын башкы жаңылыгына айланды.

Окуя кандайча башталды, учурда эмнелер болуп жатат, бул тууралуу SUPER.KG порталы айтып берет.

Венесуэланын лидери Николас Мадуро жана жубайы 3-январга караган түнү Каракас шаарындагы үйүндө кармалган. Операцияга АКШнын "Дельта" контртеррордук бөлүгү, ракеталары жана атайын топтор катышкан.

Операция убагында Мадуро жана Флорес өз бөлмөсүндө уктап жаткандыгы айтылат.

ЦРУ жана администрациянын жогорку өкүлдөрү операциянын пландалышына катышкан. АКШ Мадурону жана жубайын тез аранын ичинде кармоону максат кылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп чет элдик басылмаларга Венесуэланын лидери жана анын жубайынын кармалышын түз эфирде байкап турганын билдирди. Ал америкалык аскерлер арасында жаракат алгандар болгонун, бирок так санын айткан эмес.

АКШ Мадурону кармоо операциясын кантип даярдаган

Маалымат каражаттары билдиргендей, Николас Мадурону кармоо операциясы 2025-жылдын жай айынан бери даярдалып келген.

Америкалык телеканалдын булагы билдиргендей, операциялык топ бир нече ай бою иштеп, кээде күн сайын жыйындар өткөрүлүп турган. Бул топ көп учурда Дональд Трамп менен да жолугушкан.

Венесуэлада операцияны жүзөгө ашырууда жашыруун чакан оперативдик топ да түзүлгөн. Алар Мадуронун жашоо образы тууралуу "өтө маанилүү маалыматтарды" таап, кармоону ийгиликтүү кылууга жардам берген.

Андан тышкары АКШнын Венесуэла өкмөтүндөгү булактары да иштеген, чалгындоо спутниктер жана көрүнбөгөн дрондор аркылуу үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзгөн.

Операциянын жүрүшү

Басылмалар жазгандай, 3-январга караган түнү ылайыктуу аба ырайы орногон жана АКШнын чыгыш жээги убактысы боюнча саат 22:46да президент Трамп АКШнын башкы аскер жетекчиси, Бириккен штаб башчыларынын комитетинин төрагасы генерал Дэн Кейнге, операцияны баштоо боюнча буйрук берген.

Генерал Кейн белгилегендей, абага 20 базадан бир эле учурда 150дөн ашык учак жана дрон көтөрүлгөн.

Андан соң Кариб деңизиндеги авианосецтен спецназдык топтор менен тик учактар учуп, операцияга катышкан. Бул топко АКШнын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү да кирген – алар Мадурого түздөн-түз айып тагуу милдетин аткарышмак.

Генералдын айтымында, тик учактар суу үстүнөн 30 метр бийиктикте учкан. Ошол учурда учактар жана дрондор Венесуэла аба коргонуу системаларына сокку урган.

Каракас убактысы боюнча түнкү 02:01де тик учактар Мадуронун резиденциясына жеткен. Абанын үстүнөн аларды учактар жана дрондор коргоп турган.

Жерден тик учактарга ок атылган. Венесуэла тарап бир тик учакты аткылаган, бирок генерал Кейндин айтымында, ал иштен чыккан эмес жана бардык тик учактар тапшырмадан ийгиликтүү кайтып келген.

Андан соң спецназдык топ Николас Мадурону жана анын жубайы Силия Флоресди камакка алган. Тик учактар абага көтөрүлүп, АКШнын чыгыш жээги убактысы боюнча саат 03:29да, башкача айтканда, операция башталганынан 4 саат 43 мүнөт өткөндөн кийин, "Иводзима" авианосецине конгон.

Пресс-конференцияда Дональд Трамп Мадурону кармоо учурунда ал толугу менен темирден жасалган коргонуучу жайга качууну аракет кылган, бирок америкалык аскерлер ага муну жасоого жол беришкен эмес.

Генерал Дэн Кейн операциядагы көптөгөн деталдардын бетин ачпай, мындай операциялардагы ыкмалар жана тактика жашыруун бойдон каларын белгилеген.

ВВС дүйнөлүк кызматы жазгандай, Кейн мындай операцияларды аткара ала турган жалгыз күч – АКШнын куралдуу күчтөрү экендигин да айтып өткөн.

Мадуронун кармалышы мыйзамдуу болдубу?

АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэла лидери Николас Мадурону "легитимдүү эмес" деп атап, аны баңгизат аткезчилери менен кызматташууда айыптады. АКШ бийлиги бул операцияны Юстиция министрлигинин кайрылуусу жана Нью-Йорктогу Калыстар соту тарабынан Мадуро менен анын айланасындагыларга каршы айыптоолор коюлушу менен түшүндүргөн.

Бирок эл аралык укук боюнча эксперттер мындай операция укуктук кагылыштарды жаратат деп эсептешет.

Эксперттер Вашингтон өзүн коргоо катары жүйө келтириши күтүлүп жатканын, бирок операциянын мыйзамдуулугу талашка түшкөнүн белгилешет.

Венесуэла – Түштүк Американын түндүк жээгинде жайгашкан, жаратылышынын өзгөчө кооздугу менен белгилүү өлкө. Кариб деңизинин жээгинде Маргарита аралы жана Лос-Рокес архипелагы сыяктуу көптөгөн курорттук аралдар жайгашкан.

Өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө атактуу Анд тоолору созулуп жатат, ал жакта колониялык Мерида шаары орун алган. Дал ушул жерден Сьерра-Невада улуттук паркына экскурсиялар башталат.

Венесуэланын борбору – Каракас шаары өлкөнүн түндүк тарабында жайгашкан.

Бул өлкөдө, Латын Америкасынын көпчүлүк бөлүгүндөй эле, испан тилинде сүйлөшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: