Ош мамлекеттик социалдык университеттин 20 жылдыгына карата мугалимдер арасындагы спорттук мелдеш жыйынтыкталды
МСУнун мугалимдер жамааты


МСУнун мугалимдер жамааты

Ректор Раимбаев Чаткалбай

Волейбол оюнунда

Окуу жайдын мугалимдер жамааты
14-18-январь күндөрү ОшМСУнун профессордук-окутуучулар
жана кызматкерлер курамдарынын арасында волейбол, стол тенниси, шахмат жана
тогуз коргоол спорт түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдеш аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда аталган окуу жайдын басма сөз катчысы
Арген Нуров билдирди.
Автор: Аксана Паизова
Маалыматка ылайык, мелдеш спорттун 4 түрү боюнча өтүп, төмөндөгүдөй жыйынтыкталды. Эркектер арасындагы волейбол боюнча 1-орунду медицина колледжи, 2-орунду Административдик
башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлери алышса, 3-орун Табигый педагогикалык факультетке буюрду.
Тогуз коргоол оюнунда 1-орунду табигый педагогикалык, 2-орунду тарых
филология факультети, ал эми 3-орунду социалдык колледж алды. Шахмат боюнча 1-орунду тарых филология факультети, 2-орунду социалдык
колледж, 3-орунга табигый педагогикалык факультет ээ болду.
Теннис боюнча жеңүүчүлөр 1-орунду административдик башкаруу кызматкерлери, 2-орунду кесиптик
лицей, 3-орунду социалдык колледж алды.
Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.