super.kg logo

Кытай АКШдан Мадурону бошотууну талап кылды

 

Кытай АКШны Венесуэланын президенти Николас Мадуронун жана анын жубайынын жеке коопсуздугун камсыздоого жана аларды токтоосуз бошотууга чакырды. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

"Кытай тарап Америка тарапты президент Мадуронун жана анын жубайынын жеке коопсуздугун камсыздоого, аларды тезинен бошотууга, Венесуэладагы мамлекеттик бийликке шек келтирген аракеттерди токтотууга жана көйгөйлөрдү диалог жана сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырат", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Кытайдын ТИМи суверендүү мамлекеттин башчысын америкалык аскерлер тарабынан колго түшүрүлүшү эл аралык укукту жана эл аралык мамилелердин негизги нормаларын бузуу экенин баса белгиледи. Агы ылайык, АКШнын операциясы БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине карама-каршы келет.

Белгилей өтсөк, АКШнын атайын операциясы учурунда Венесуэланын лидери Николас Мадуро жана жубайы 3-январга караган түнү Каракас шаарындагы үйүндө кармалган. Операцияга АКШнын "Дельта" контртеррордук бөлүгү, ракеталары жана атайын топтор катышкан. Окуя тууралуу маалымат шилтемеде.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: