Венесуэланын убактылуу президенти Трампка кайрылды
Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес АКШнын президенти Дональд Трампка кайрылды. Анда ал өлкө согушка эмес, тынчтыкка татыктуу экенин белгилеген.
Анын айтымында, Каракас АКШ менен салмактуу жана сый мамиле курууну артыкчылыктуу деп эсептейт.
"Биздин эл жана биздин аймак согушка эмес, тынчтыкка жана диалогго татыктуу... Бул - мен ишенген жана өмүрүмдү арнаган Венесуэла. Менин кыялым - Венесуэланын улуу державага айланышы",- деп жазган Родригес телеграм каналына.
Маалымдай кетсек, 4-январда Венесуэланын Жогорку соту вице-президент Делси Родригести өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро 3-январга караган түнү АКШ армиясы тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда кармалган. Операцияга "Дельта" атайын бөлүгү катышкан.
АКШ бийлиги Николас Мадурону "наркотерроризм" жана баңгизаттарды аткезчилик жол менен ташууга байланыштуу айыптоолор менен күнөөлөөдө. Бул окуя тууралуу кенен маалымат шилтемеде.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















