Казакстанда концерт учурунда фонограмма колдонууга тыюу салынды
Казакстандын президенти 200дөн ашык көрүүчү катышкан концерттик иш-чараларда фонограмма колдонууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Жарлыкка ылайык, фонограмма колдонууга эки учурда гана уруксат берилет: тележазуулар учурунда, ошондой эле техникалык жактан концерт өткөрүүгө ылайыкташпаган жана мындай иш-чаралар үчүн каралбаган жайларда гана.
Жаңы норма коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, айрымдар муну жандуу аткаруунун сапатын жогорулатууга багытталган туура кадам катары бааласа, башкалары шоу-индустрия үчүн кошумча талап болорун белгилешүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















