super.kg logo
  Саясат  

Президент мектептердин жетишсиздиги тууралуу түшүндүрмө берди

 

Президент Садыр Жапаровдун кезектеги маеги "Кабар" маалымат агенттигине жарыяланды. Анда өлкө башчы IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелер - мектептердин жетишсиздиги, 12 жылдык билим берүү системи тууралуу түшүндүрмө берди.

Журналист президентке "Делегаттар айрым класстарда 40-50 окуучу билим алып жатканын айтып, бул маселени чечип берүүнү суранышты. Мындай жагдай 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуубу?" деген собол узатты.

"Жок, мунун 12 жылдык билим берүүгө эч кандай тиешеси жок.

Муну буга чейинки маектеримде да бир нече жолу белгилеп келгем. Бул маселе 12 жылдык билим берүү киргизилгенге чейин эле бар болчу.

Мисалы, мурдагы жылдары 1-2-класстарга 140-150 миңдей бала кабыл алынса, 2025-2026-окуу жылына карата Э-Күндөлүктүн маалыматы боюнча, 1-класс - 106 015, 2-класс - 124 593 окуучуну түздү.

Мисалга алсак, 2015-жылы окуучулардын саны – 1 043 356 болсо, 2025-жылы, 10 жыл аралыгында окуучулардын саны 1 536 633кө жетип, демографиялык өсүштө окуучулардын саны 500 миңге өстү.

Бул мамлекеттеги демографиялык өсүш, ошондой эле ички миграциянын агымынын шаардык борборлорго жогорулашынан, айрыкча, шаарларда кошумча мектептерди, бала бакчаларды куруу маселеси пайда болду.

Учурда бул багытта пландуу иш алып барып жатабыз. 2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлдү.

Анын ичинен 60 мектеп, 28 бала бакчасынын курулушу, ал эми 41 мектеп, 5 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрдү.

Мындан тышкары, 16 мектеп, 13 бала бакчанын (29 объект) курулушу ар кандай каржы булактарынан (өнүктүрүү фонддор, жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр) каржыланды.

Жалпы республика боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактарынан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объекти бүткөрүлдү.

2022-жылы Бишкек шаарында 15 мектеп курулган болсо, жаңы жылда ордо калаабызда 20 мектеп, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 мектеп салынат. Мектептердин курулушу февраль айында башталып, сентябрь айында бүткөрүлөт.

Дал ушул үч шаарда мектептерге муктаждык көбүрөөк болууда.

Ошентип, бул маселе этап-этабы менен чечилет.

Мындан сырткары, учурда жалпы өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча бар.

2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп турабыз.

Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы.

Биринчиден, бүткүл дүйнөлүк стандарт, экинчиден, билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы болуп жатат. Заман талабы катары бүткүл дүйнөлүк эмгек рыногу менен билим берүү мейкиндигиндеги айкалыштан биз артта калбашыбыз керек. Коңшу өлкөлөрдөн учурдун талабына ылайык, бул процесске бизге чейин өткөнү да, учурда өтүп жаткандары да бар.

Бизде 2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү аттестат алышат. Болбосо мектепти аяктаган балдарыбыз, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келбегендиктен, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болуп жатышат.

12 жылдык билим берүү системине өтүү боюнча өзгөчө зарылдык жаралды.

Бул — глобалдык талап. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кире албай, дүйнөлүк эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоодон өксүдүк. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк экономикада теңтайлаша турган адам капиталын даярдоо өтө маанилүү. 10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал пландык-командалык экономиканы тейлөөгө багытталган. Учурда рынок экономикасына атаандаш боло алган адисттерди даярдоо - бул заман талабы, андан артта калбашыбыз керек. Эрте кесипке ээ болгон систем",- деп жооп берди президент.

Эске салсак, төртүнчү Элдик курултай 2025-жылдын 25-26-декабрь күндөрү өттү. Ага өлкө боюнча 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган 700 делегаттын 690у катышты.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: