super.kg logo

Садыр Жапаров: "Бул жылы 20 миңден ашык батирди пайдаланууга берүү пландалууда"

 

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 2026-жылы республика боюнча жалпысынан 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.

Айтымында, МИК аркылуу берилген турак жайлар 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет.

"Мисалы, Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кезекте турган жарандар үчүн батирдин 1 чарчы метринин баасы курулуш жайгашкан районуна жараша 900 доллардан 1000 долларга чейин “Социалдык”, “Жеңилдетилген” жана “Арзан” ипотека багыттары боюнча берилет.

“Социалдык ипотека” (жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын камкорчулары) жана “Жеңилдетилген ипотека” (мугалимдер, дарыгерлер, жалпысынан мамлекеттик бюджеттен айлык алган жарандар) багыттары боюнча жылдык 4 пайыз менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат. Ал эми “Арзан ипотека” (жеке тармакта иштеген жарандар) багыты боюнча жылдык 8 пайыз менен 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат.

“Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1000 доллардан 1400 долларга чейин (под ключ).

Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк болсо, “элитный” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот.

Белгилүү болгондой, үлүштүк негиздеги батирлер негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештер үчүн сунушталат. Бул механизмде жарандар турак жай кезегине турбайт, анткени батирдин наркынын 50 пайызын алгачкы төлөм катары дароо төлөшөт. Калган бөлүгү 15 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөнөт.

Базардагы бааны ала турган болсок, ошол эле райондогу жаңы курулуп жаткан, ремонту жок (котлован деңгээлиндеги) турак жайлардын 1 чарчы метри 2000-3000 долларга чейин жетет. Ал эми МИКтин объекттери “под ключ” системинде, толук бүткөрүлгөн абалда кыйла жеткиликтүү баада сунушталууда.

МИК батирлердин өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз. Антпесе азыркыдай машстабдуу курулуштарды жасай албайт элек. Кезекте туруп батир алгандардын да, кезексиз жарым акчасын дароо төгүп үлүштүк негизде батир алгандардын да акчалары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн башка жаңы объекттерди улантуусуна жардам болууда.

2025-жылдын жыйынтыгы менен 4662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. 2024-жылы бул көрсөткүч 1197 үй-бүлөнү түзгөн. Учурда республика боюнча жалпы 80 245 батир курулууда, алардын жалпы аянты 5,4 миллион чарчы метр.

2026-жылы республика боюнча жалпысынан 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде: Бишкекте — 6 323, Чүй облусунда — 3 129, Манаста — 3 219, Ысык-Көлдө — 2 266, Ош облусунда — 1 458, Ош шаарында — 1 454, Баткенде — 1 420, Нарында — 433, Таласта — 319 батир.

Ошентип, биз узак мөөнөттүү максаттарды көздөп жатабыз. МИКтин программасы аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай калат.

Бүгүнкү күндө компания милиарддаган уставдык капиталы бар ири институтка айланды. Азыркы уставдык капиталы — 87,5 миллирд сом, келечекте 200 миллиард сомго жеткиребиз деп турабыз.

Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания бат эле банкрот болуп калмак. Анткени 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш. Ошондуктан баа саясаты ушундай болуп жатат.

Ошого карабастан, мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн батирлерди азыркыдан да арзаныраак берүү маселесин кошумча талдап көрөбүз",- дейт өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Бишкекте былтыр, 26-декабрда өткөн Элдик курултайда мигранттар үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алууда жеңилдиктерди берүүнү сунушталган болчу. Анда делегат МИКтен мигранттар үчүн атайын статус карап берүүнү өтүнгөн.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: