ИИМ: Каникул маалында балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруңуздар
Ички иштер министрлиги кышкы жана жаңы жылдык каникулдардын башталышына байланыштуу ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, каникул учурунда окуучулар убактысынын көбүн көчөдө жана теңтуштарынын арасында өткөрүшөт. Ушуга байланыштуу ата-энелер балдардын кайда жана ким менен жүргөнүнө кызыгып, коомдук жайларда жана короолордо коопсуз жүрүү эрежелерин түшүндүрүп туруусу маанилүү.
ИИМ кыш мезгилинде жолдордун тайгак болушу жана көрүүнүн начарлашы коопсуздук чараларын сактабаган учурда жол кырсыктарына жана башка күтүлбөгөн кырдаалдарга алып келиши мүмкүн экенин эскертет. Айрыкча жол кыймылынын эрежелерин сактоо зарыл болуп, балдарга жолдун боюнда ойноого болбой тургандыгы жана жолду кесип өтүүдө этият болуу керектиги дайыма эскертилип турушу шарт.
Учурда ички иштер органдары жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Ошол эле учурда балдардын коопсуздугун камсыздоодо жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууда ата-энелердин ролу өзгөчө маанилүү экени белгиленет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















