Николас Мадуронун коопсуздук кызматкерлеринин олуттуу бөлүгү аёосуз өлтүрүлгөн
Венесуэланын коргоо министри Владимир Падрино Лопес АКШнын аскер кызматкерлери президент Николас Мадурону уурдоо учурунда анын коопсуздук кызматкерлеринин олуттуу бөлүгү аёсуз өлтүрүлгөнүн билдирди.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, Боливариан Улуттук куралдуу күчтөрү Венесуэла Республикасынын конституциялык президенти, өлкөнүн башкы колбашчысы Николас Мадуронун, ошондой эле анын жубайы - биринчи айым Силия Флорестин уурдалышын кескин айыптайт.
Лопес ошондой эле Венесуэланын армиясы “империялык агрессияга” каршы туруу жана улуттун эркиндиги менен суверендүүлүгүн камсыз кылуу максатында толук согуштук даярдыкка келтирилгенин билдирген.
Эскерте кетсек, Венесуэланын лидери Николас Мадуро жана жубайы 3-январга караган түнү Каракас шаарындагы үйүндө кармалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















